Биз менен байланышыңыз

«Өкмөттүн Сирияга кеткендерди алып келүү аракети бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2019 | 677 | 0

Акыйкатчы институтунун үй-бүлө, аялдар жана балдар укугу бөлүмүнүн кызматкери Умида Абылгазиева «Марал» радиосуна берген маегинде Сирияга кеткендерди алып келүү боюнча өкмөт аракет кылып жатканын билдирди.

«Орусия, Казакстан 4-5- жыл мурда сүйлөшүүлөрдү баштап, жакында Сириядагы аялдарды алып келишти. Ал эми бизге жылдын башында гана маалымат түштү. Биз ТИМ менен иштешип жатабыз. Өкмөттө да бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. План түзүп, Орусиянын Ички иштер министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып барылууда. Биз ушул жылы эле баштап жатабыз. Мындан улам, өкмөт иштебей жатат дегенибиз туура эмес. Эми күтүшүбүз керек», — дейт Абылгазиева.

Ал буга кошумча, ата-энелер балдары менен сүйлөшүп, көйгөйлөрүн өз убагында билип турушу керек экенин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, УКМК былтыр Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кырызстандын 800дөн ашуун жараны кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгонун маалымдаган.

Copyright © 2017 Maral FM