Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл облусунда 200 кг баңгизаты табылды

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 428 | 0

16-апрелде  Балыкчы шаарында милиция кызматкерлери 32 жаштагы Б. А. аттуу жарандын «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда 455 грамм гашиш табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, баңгизаттарды мыйзамсыз сактоого жана сатууга шектелген төрт жарандын жашаган жерин мыйзам чегинде текшерүүгө алышкан. Ысык-Көл облусунун Каракол шаары менен Ак-Суу районунда жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 килограмм марихуана жана 1 килограмм 600 грамм гашиш баңгизатын табышкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 267-беренеси боюнча иш козголгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM