Биз менен байланышыңыз

Акаев: Коррупциялашкан ведомстволордун арасында Финпол, Бажы кызматы эмнеге жок?

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 876 | 0

Башкы прокуратура эң коррупциялашкан мамлекеттик ведомстволордун тизмесин чыгарып, анда Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ИИМ да бар. Депутат Жанар Акаев мындай көрсөткүч менен макул эместигин билдирип, тизмеде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен Бажы кызматынын жоктугуна кызыкты.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов чыгарылган тизме прокуратурага түшкөн арыз-даттануулардын жана пландык текшерүүлөрдүн негизинде чыгарылганын айтты.

— Кайсы органга көп арыз түшүп жатканын, кайсынысында кылмыш көп катталып жатканын эсептеп чыгардык.

Депутат Жанар Акаев элдин пикири башкача экенин, Бажы кызматынын, финполициянын коррупциялашканы көпчүлүккө маалым экенин айтты.

— Бажы кызматынын, Финполдун башчысынын байлыгына миң мугалимдикин теңесеңиз да жетпейт, — деди депутат.

Copyright © 2017 Maral FM