Биз менен байланышыңыз

Прокурор Дача-СУ, «Белизгейт» жана тарых музейиндеги иштер боюнча айтты

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 817 | 0

Дача-Судагы кырсык боюнча кылмыш иши кайрадан жанданып, массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтар чогултулду. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айтты. «Белизгейт» чыры боюнча да маалымат берип, анын «жашыруун» деген графасы алынбаганын маалымдады.

— Бул тууралуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алынган. Документ бизге УКМКдан келгенде эле купуя сыр болгон. Аны УКМК гана ала алат.

Андан тышкары, Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу жана Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча иштер бириктирилгенин, тергөө иштери апрель айында жыйынтыкталарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM