Биз менен байланышыңыз

Бала сатуу боюнча 10 кылмыш иши козголгон

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 510 | 0

Кыргызстанда 2018-жылы бала сатуу фактысы боюнча жалпы 10 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов праламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 7 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында эки кылмыш боюнча 8 адамга карата адам сатуу беренесинин негизинде иш козголгон.

Соттун кароосуна жиберилген эки кылмыш ишинин бири боюнча 1 адам 4 жылга эркинен ажыратылган, 1 кылмыш иши боюнча 7 адамга айып тагылган, тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM