Биз менен байланышыңыз

Прокурор: Текебаевдин иши боюнча жардам бергенге даярбыз

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 1340 | 0

Мурунку депутат Өмүрбек Текебаев боюнча жаңы ачылган жагдайга ылайык маалыматтар Жогорку Сотко берилген. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте отчет берип жатып айтты. Анда ал иш сот тарабынан каралып жатканын, башынан карап чыгып, мыйзам чегинде жардам берүүгө да даяр экенин билдирди.

Текебаев тууралуу суроо узаткан депутат Сайдулла Нышанов Башкы прокуратуранын ишинде бир топ жылыштар болгонун айтып мактады. Анда ал органдын отчёту да өзгөргөнүн, элге жакындаганын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 17-апрелде Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын отчётун угуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM