Биз менен байланышыңыз

Бишкекке 60 автобус келет

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 851 | 0

29-апрель Бишкек шаарынын күнүнө карата мурда сатылып алынган 60 автобус жол каттамына чыгат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев «Фейсбук» баракчасына маалымдады.

«20-апрелден кийин шаарга мурда сатып алынган 60 автобус келет. Жаңы автобустарды 29-апрель шаар күнүндө каттамга чыгарууну пландап жатабыз. Учурда алардын каттамы боюнча иш жүрүүдө. Автобустар жетишпеген каттамдарга кошумчалап, борбор жакта маршруттук унааларды аларга алмаштырышыбыз мүмкүн. Долбоордун экинчи баскычы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бизде 3-4 вариант бар. Бул маселе бир ай ичинде чечилет«, — деп жазды Балбак Түлөбаев.

 

Copyright © 2017 Maral FM