Биз менен байланышыңыз

Германия менен 1 млрд евролук келишимдерге кол коюлду

Кыска кабар | 17 Апр 2019 | 740 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Берлин шаарында, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Мамлекет башчы акыркы жылдары жогорку деңгээлдердеги байланыштар активдешкени байкалганын, ошондой эле кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташтыгы маанилүү экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Германия ортосундагы финансылык жана техникалык  кызматташтыкка оң баасын берди. Соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү тууралуу айтып, германиялык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Ошондой эле Меркелди Кыргызстанга жооп иретинде расмий визит менен келүүсүн өтүндү.

Жээнбеков жолугушуудан кийин басма сөз өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады. Ал Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана Бундестагдын президенти Вольфганг Шойбле менен да маанилүү, саясий жолугушуулар болгонун жана мазмундуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн кабарлады.

«Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелеринин ортосунда ондон ашуун маанилүү документке кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда да бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жыйынтыгы 1 миллиард  евродон ашык»,  — деди Жээнбеков.

Анын айтымында, Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташуу маселеси да күн тартибинде турат. 2019-жылы Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясын кабыл алуусу күтүлөт. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча жаңы келишимге кол коюусу пландалып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM