Биз менен байланышыңыз

18-апрелде Кыргызстандагы алгачкы триллердин бет ачары өтөт

18-апрелде Кыргызстандын бардык кинотеатрларында «МУРАС» аттуу алгачкы кыргыз триллеринин бет ачары өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, тасма болгон окуянын негизинде, Бүгүнкү күн менен Улуу Ата Мекендик согушту чагылдырып тартылган.

Жарыяланган кастингге миңге жакын актер-актриса жана студент катышкан. Продюсери Данияр Өмүрбеков менен режиссеру Азамат Шаршенов тасма тартууну ушул жылдын январь айынан башташкан.

Сюжетте жаш үй-бүлөнүн оош-кыйыш турмушу баяндалат. Келинчеги чет жакка иштөө үчүн кетүүгө аргасыз болот. Күйөөсү арзаныраак батир табыш керек болуп, бир кемпирдин эски үйүн табат. Үй арзан, тынч сезилет. Бирок, кошуналары кайып болуп баштайт. Кийинчерээк эмнеге кайып болгонун түшүнөт…

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM