Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 676 | 0

19-20-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM