Биз менен байланышыңыз

Худоназаров «Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн» номинациясына ээ болду

Кыска кабар | 15 Апр 2019 | 474 | 0

«Ак илбирс-2019» улуттук кино сыйлыгынын «Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн» номинациясын советтик, тажикстандык кинорежиссёр Давлатназар Худоназаров алат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Давлатназар Худоназаров — Тажик ССРинин Эл артисти, советтик, тажикстандык кинооператор, кинорежиссёр, сценарист жана коомдук ишмер.

1982-жылы «В талом снеге звон ручья» көркөм тасмасын тарткан. 1990-1991-жылдары СССР кинематографисттер союзунун төрагасы болгон. Давлатназар Худоназаровдун белгилүү кино тасмаларына «Колыбельная» (1966), «Джура Саркор» (1969), «Сказание о Рустаме» (1971), «Одной жизни мало» (1974), «Юности первое утро»(телефильм, 1979), «В талом снеге звон ручья» (1982), «Нас водила молодость» (1983), «Лётчик (1984), «Рождение» (1984), «Истоки» (1985), «Устод» (1987) жана башка тасмалары кирет.

«Ак илбирс — 2019»  Улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи  26-апрелде «Манас» кинотеатрында өтөт.

«Дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн» номинациясы 2015-жылдан тарта берилип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM