Биз менен байланышыңыз

«23-апрелде «Ата Мекен» митингге чыгат, биз мэрден чочулабайбыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Апр 2019 | 3259 | 0

Бишкек мэриясы эмоцияга алдырып, саясатчы Өмүрбек Бабановдон коркконунан улам, анын тарапташтарынын митинг өткөрүүсүнө чектөө киргизди. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Митингдер мыйзамдарды кабыл алууда да таасирин берет. Митинг жол тосуу же бирөөнүн укугун бузуу эмес. Ал демократиянын бир рычагы. 23-апрелде «Ата Мекен» партиясы тынчтык митингине чыгат. Мэрден чочулабайбыз. Анын  токтомун жокко чыгаруу боюнча тийиштүү тараптарга кайрылабыз. Мэрдин сунушун колдобойм», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлүнүн айтымында, митинг өткөрүүгө тыюу салуу — караңгылык. Митинг өткөрүүгө тыюу салынган коомдо жарылуу болот. Эл митинг аркылуу бийлик менен диалог курат.

Бийлик да, өкмөт да айрым маселелерди байкабай калышы мүмкүн. Коомчулук ал көйгөйлөрдү митинг аркылуу айтып турат.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2020-жылга чейин баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштаган.

Бишкекте 2020-жылга чейин митингди токтотуу сунушталды

Copyright © 2017 Maral FM