Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Инфляция 2018-жылы 0,5%ды түздү

Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 446 | 0

Инфляция 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 0,5 %ды түздү, бул ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы абдан жакшы көрсөткүч. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн 2018-жылкы ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берип жатып билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, сомдун курсу долларга карата 1,5%га төмөндөп, өнөктөш өлкөлөрдүн ичинде туруктуу валюталардын бири болуп калган. Экономиканы кредиттөө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 130,5 млрд сомду түзүп, 18,2%га көбөйгөн.

Ал кошумчалагандай, мындай аракеттердин мультипликативдик үзүрү макроэкономикалык туруктуулук, ишканалардын түзүлүшү, жумуш орундары жана бюджет салыктары аркылуу ачык көрүнүп турат.

«Ишкерлердин кредит алуусун камсыздоо үчүн бюджеттен «Кепилдик фонду» капиталдаштырууга 300 млн. сом бөлүндү. Улуттук банк Фонддун капиталын 1 млрд. сомго жеткирүүнү пландаштырып жатат. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыяларды берүүнү көбөйтүү максатында өткөн жылы «Айыл банк» капиталдаштырууга 1 млрд. сом бөлдү. Ошондой эле РСК банкты капиталдаштырууга катышуу тууралуу Орус-Кыргыз өнүгүү фонду менен бирге Евразия өнүгүү банкы менен жол картага кол коюлду», – деп белгиледи Премьер-министр.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы кошумчалагандай, 2018-жылдын декабрь айында Өкмөт тарабынан эсептик нарктын өлчөмүн 4,75%дын деңгээлинде төмөндөтүү боюнча чечим кабыл алынды, бул коммерциялык банктарга элге насыяларды төмөнкү пайыз менен берүүгө жол ачат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM