Биз менен байланышыңыз

15-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 466 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-апрелде түнкүсүн күн ачык болот, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын алыскы аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Ыссык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.  Тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо муз тоңуп жолдор тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет, алыскы аймактарда шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда: түнкүсүн +7…+12….күндүз +20…+25,

Талас облусунда: түнкүсүн +6…+11 ….күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +3…+8….күндүз +17…+22,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +8…+13….күндүз +22…+27,

Нарын облусунда: түнкүсүн  +2…+7…..күндүз +17…+22 болот.

15-апрелде Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүзү +23…+25,  түнкүсүн  +9…+11.

Copyright © 2017 Maral FM