Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-апрелде түнкүсүн күн ачык болот, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын алыскы аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Ыссык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо муз тоңуп жолдор тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет, алыскы аймактарда шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн +7…+12….күндүз +20…+25,
Талас облусунда: түнкүсүн +6…+11 ….күндүз +19…+24,
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +3…+8….күндүз +17…+22,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +8…+13….күндүз +22…+27,
Нарын облусунда: түнкүсүн +2…+7…..күндүз +17…+22 болот.
15-апрелде Бишкекте жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүзү +23…+25, түнкүсүн +9…+11.