Биз менен байланышыңыз

Ош: 20-апрелде А. Сүйүмбаев стадионунда чоң салтанат болот

20-апрелде кечки саат 19:00дө Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Келген коноктор жана шаар тургундары үчүн концерттик программа тартууланат.
«Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын концерттик программасынын коноктору катары Түрк тилдүү мамлекеттердин курама бий топтору, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, Якутиялык этно стилдеги аткаруучу Юлияна Кривошапкина, Азербайжан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекеттик бий ансамблдери, Казакстандын «Казына”, «Жорга», «Шолпан» бий ансамблдери, Өзбекстандын «Тумор» бий ансамбли, Кыргызстандын «Шаттык» элдик бий ансамбли жана эл аспаптар оркестрлери катышат. 

Ошондой эле, Асылбек Өзүбеков, Гүлнур Сатылганова, Ырыскелди Осмонкулов, Элнура Самарбекова, Гүлзада Рыскулова, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев, Нурайым Азыкбаева, Назбек Кенчимбаев, Айпери Кулбаева, Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова, Темир Назаров, Кенже Көбөкова, Жоламан Үсөн уулу жана башка көптөгөн өнөрпоздор мейман катары катышып, концертти коштойт.

Copyright © 2017 Maral FM