Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калды (видео)

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 1362 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келбей калганын жарыялады. Ал терең ойлонуу менен ушундай чечим кабыл алганын айтты. Себеби өзүн тосуп алуу үчүн Кыргызстанда уюштурула турчу митингде чагымчыл аракеттер болуп, үчүнчү күчтөр аралашып кетиши мүмкүн деп айтылган.

-Урматтуу элим, мен азыр аэропортто турам. Мени колдогон журналисттер да аэропортто турат. Мен терең ойлонуу менен чечим кабыл алдым. Мага түнү менен телефон чалуу болуп, мени тосуу үчүн боло турчу митингде чоң чагымчылык даярдалып жатканы айтылды. Мен үчүн өлкөмдөгү тынчтык, биримдик жөн эле сөз эмес. Ошол үчүн кыйын да болсо ушундай чечим кабыл алдым. Мен саясий упай топтоону көздөгөн жокмун, ар бириңердин жашооңор мен үчүн кымбат. Мени колдогон, мага күч-кубат берген эң чоң күчүм бул силерсиңер. Мени колдоо тынчтык митингин токтотууну суранам, Кыргызстанга тынчтык керек. Кээ бириңердин ишенимиңерди, үмүтүңөрдү аткара албасам кечирим сурайм..

Ошондой эле ал тынчтык жолу менен жакынкы күндөрү сөзсүз түрдө келерин кошумчалады.

Бабанов мекенине бүгүн саат 14:50дө «Манас» аэропортуна келип коно турганын билдирген эле.

Билдирүү

Опубликовано Омурбеком Бабановым Пятница, 12 апреля 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM