Биз менен байланышыңыз

Мадылбеков: Уюшкан кылмыштуу топтор шайлоо алдында активдешет

Күн чабыт | 12 Апр 2019 | 1274 | 0

Ленин райондук милициясынын ыкчам тобу Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн аймагында катуу сабалып, эс-учун жоготкон азиат улутундагы эки кишини тапкан. Бири 45, бири 36 жаштагы эки жаран тең эсине келбей каза болду. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Биз буга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтордун өлкө коопсуздугуна тийгизген таасири туурасында Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков менен маек курдук.

— Уюшкан кылмыштуу топтун 2 мүчөсүнүн каза болушун каралардын активдешдешүүсү катары көрүүгө болобу? 

— Бул көрүнүш тээ 90-жылдан бери эле бар. Ар бир топтун өзүнө тиешелүү, «көзөмөлдөп турчу» аймагы болот. Бул кылмыш ошондой чатактын айынан чыгышы мүмкүн.  Учурда 90-жылдарга салыштырмалуу кылмыштуу топтор кыйла азайды. Ички иштер органын жетектеп турганымда, биринчи жолу уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшкөн бөлүмдү ачканбыз. Ошондо эле 15-20дай топ бар эле. Ош базары, Дордой базары сыяктуу ири соода жайларынан тартып, бир катар кафе, ресторандарга чейин бөлүп алышып, алардан «доля» алып турушчу. Баарыбызга маалым, Көлдө да бир катар имараттар өрттөнгөн. Мен билгенден бизнесмендер бүгүн да коркуп турушат.

— Алар менен профилактикалык иштерди жүргүзүүдө чекилик барбы анда?

— Профилактикалык иштерди жүргүзүү боюнча бизде бир канча мыйзам кабыл алынган. Бирок алардын иши эмнегедир сотко келгенде такалып, каттоого алынбай калып жатат. А соттордун эмнеге антерин өзүңөр деле билесиңер. Тагыраагы, биринчиден ортого коррупция аралаштырып ийишсе, экинчиден, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн коркуп турушат. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп таануу чечимин сот чыгарат. Эгерде топтун мүчөсү деп айып тагылса, аларга профилактикалык иштер жүргүзүлүп, ар бир кадамы көзөмөл, текшерүүгө алынып калат. Ушундай мүмкүнчүлүк атайын кызматтын мүчөлөрүндө жок болгондуктан, колго чаптырган сыяктуу акыбалда турушат.

— Уюшкан кылмыштуу топтордон учурда кандай коркунучтарды күтүүгө болот?

— Бул өтө коркунучтуу . Себеби уюшкан кылмыштуу топтун атайын ички тартиби, бат уюшуп, чукул аракеттерди жасоого мүмкүнчүлүктөрү чоң. Маселен, бизде кандайдыр бир тополоң болчу болсо, булар кырдаалдан пайдаланып кетиши мүмкүн. Ошондой эле, аттарын атабай эле коёюн, уюшкан кылмыштуу топтор менен чогуу жүрүп, кийин депутаттыкка келгендер бар. Бул боюнча убагында Суранчиев да айткан.

— Алар кайсы учурларда активдешет?

— Бакиев президент болуп турганда, ачык эле активдешип калышкан. Мындан сырткары, көбүнчө шайлоо учурунда активдешүү көбүрөөк байкалат. Маселен, шайлоо алдында, же шайлоого жарым жылдай убакыт калганда партиялардын үгүтчүлөрүн кысымга алмай башталат. Мындай аракеттер Бакиевдин убагында да, Атамбаевдин убагында да болуп келген. Азыр болобу, болбойбу, айта албайм.

— Аларга каршы күрөшүүдө кимдер кандай чара көрүшү керек? Президент да көзөмөлгө алышы керекпи?

— Эч качан президенттин кадамдарынын кереги жок. Бул жерде президентти аралаштыруу кажет эмес. Дегеним, президенттин өзүнүн аткара турчу иши бар. Ал жерде өкмөт, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук кызматы, Финансылык полиция деген бар.  Бул боюнча ушулар иштеши керек. Эң негизгиси, бизде мыйзам жетишпейт. Соттун чечими менен катоого алуу негизинен туура эмес.

-Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM