Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Бабанов камалууга даяр деген ойдомун

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 1294 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде саясатчы Өмүрбек Бабанов камалууга даяр экенин билдирди.

«Бабановдун Кыргызстанга келиши же келбеши анын өз чечими. Бирок УКМК Бабановду суракка чакырабыз дейт. Мындайда Бабанов камалууга даяр деген ойдо калдым. Азыр мен кыйынмын деп турбай, диалогго келишибиз керек. «Менин элим бар», «менин күчүм бар» дегенден өнүгүү болбойт. Бабанов келсе кырдаал кандай болот билбейм. Бирок аны башка күчтөр колдонуп кетпесе экен… Эч ким жабыр тартпашы керек. Чагымчылык иштер болуп кетиши мүмкүн. Себеби, сыртта бийликти кетиребиз деген ойдо жүргөн адамдар бар», — дейт Төрөбаев.

Ал президенттик шайлоодо экс-президент Алмазбек Атамбаев Бабановго катуу сөздөрдү айтканын, эски бийлик буйрутма берип, үстүнөн кылмыш ишин козгогонун эске салды.

Төрөбаев эгер Бабанов булардын баарын эске алса, Атамбаевге кошулбай турганын белгиледи.

Эске салсак, «Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабановго карата «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө эл алдында чакырык таштоо» жана «Расалык, улуттук жана диндик кастыкты козутуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул эки иштин акыркысы токтотулган.

Аны айыптоого Он-Адырдагы 2017-жылы 28-сентябрда жергиликтүүлөрдүн арасында «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деген сөзү негиз болгон.

Copyright © 2017 Maral FM