Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Бардык укук коргоо органдары президенттин колунда

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 749 | 0

«Азыр бардык укук коргоо органдары президенттин колунда«. Мындай маалыматты «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев «Маралга» маек берип жатып айтты. Ал буга чейин парламент өз вазыйпасын аткара албаса тарап кетүүгө чакырган. бул жолу да ушундай кадамга даяр экенин айтты.

Ошондой эле 6 жылда 6 премьер-министр алмашканын, буга эл өкмөттүн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берилбей жатат деп Жогорку Кеңешти күнөөлөгөнүн эске салды. Бирок ошол кезде көпчүлүк коалицияга буйрук «башка жактан» келгенин айтты.

— Мына президент өкмөттү колдоп жатканы жөнүндө сөз болууда. Ошол кездеги көпчүлүк коалицияга буйрук башка жактан келген. Ошондуктан «салт» болуп калбасын деп Абылгазиевге ишеним көрсөтүп жатат. Бирок премьер-министр муну пайдаланып, чечкиндүү кадамдарга барып, коркпой эле күчтүү кадрларды алып келиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM