Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ: Кыргызстанда турак жай насыяларынын пайыздык чени эң жогору

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 468 | 0

Евразия экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр арасында Кыргызстанда  турак жай насыяларынын пайыздык чени эң жогору. Бул боюнча аталган уюмдун сайтында жарыяланган статистикалык маалыматтарда айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, Арменияда турак жай насыяларынын орточо пайыздык чени 9,6-10,8 %ды түзөт. Ал эми Белоруссияда 1,95%, кошуна Казакстанда 8,2% болсо, Орусияда 5,59 %дан 9,53 %га чейин болууда. Ал эми Кыргызстанда 12,4 %дан 14,6 %га чейин түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM