Биз менен байланышыңыз

Президент: Мага жалган жалаа жукпайт

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 791 | 0

Кыргызстандагы кландык мафиянын коррупциялык иштери өлкөгө чоң залалын тийгизди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты. Анда ал мамлекетти карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актангандар болуп жатканын да белгиледи.

— Калпты жарыялап элдин оюн башкага бурууда. Баары мыйзам алдында бирдей. Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт. Элди көчөгө чыгарып, маселени чечем дегендер жаңылышат. Баары мыйзам чегинде чечилет. Менин Кудайдын, элдин алдында гана карызым бар. Саясатта акыркы 25 жылдан берки иш-аракетим кылган эмгегим таза, мага жалган-жалаа жукпайт.

Жээнбеков элдик президент болуу ниетин айтып, бир ууч топко кызмат кылуу, алардын кызыкчылыгын коргоп, уурулугун жашыруу боюнча убада бербегенин да кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM