Биз менен байланышыңыз

Балыкчынын тургундары 5 жылдан бери бүтпөгөн жолго нааразы

Коом | 10 Апр 2019 | 617 | 0

2015-жылы Балыкчы-Корумду жолун жасаганга өкмөттүн казынасынан 7 млрд. сом бөлүнгөн. Андан бери төрт жылдан ашуун убакыт өтсө да, жолду жаңыртуу аягына чыкпай, жергиликтүү тургундарга кыйынчылык жаратып келет. «Лонг-Хай» компаниясы аталган жолдун жарымын гана жасаган. Өкмөттөн акча которулбагандыктан, жолду кайра жаңыртуу иштери үзгүлтүккө учураган.

Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштеринин башталганына төрт жылдан ашты. Өкмөт тарабынан 7 млрд. сомго жакын акча которулган. Бүгүнкү күндө Балыкчы шаарынын ичиндеги 7 км. жол бүтпөй, жергиликтүү элди кыйнап келет. Аталган маселе боюнча Балыкчы-Корумду жолун жасап жаткан Кытайлык «Лонг Хай» компаниясы менен Балыкчы шаарынын тургундары президентке кайрылуу жасады. «Лонг-Хай» компаниясынын профсоюздук комитетинин төрагасы Бейшекадыр Сарыбаевдин айтымында, өкмөттөн каражат которулбагандыктан иш токтоп калган.

— Биз жолду баштаганда акча которуп бергенбиз, бирок толук эмес. Которулган каражаттын эсебинен жолдун бир бөлүгү жаңыртылды. Калган бөлүгүндө иш токтоп турат. Жаз келери менен башташыбыз керек эле, каражат өкмөттөн которулмак. Бирок, кабар жок.

Балыкчы шаарынынын тургуну Бактыбек Дөөлөтов: «Жолдун чаңынан жергиликтүү тургундар кыйналып жатат», – дейт. Бүтпөгөн жолдон жүк ташуучу унаалар көп өткөндүктөн, ар дайым чаңдап турат. Мунун кесепетинен түшүм алуу жылдан-жылга начарлап баратканын кошумчалады.

— Балыкчы шаарынын жолу 20-жылдардагыдан да жаман акыбалда. 1,5 км. жердин асфальтын түп орду менен алып салышкан. Эми минтип эски жолдон жок, же жаңы асфальт төшөлгөн жолдон жок отурабыз. Биздин көчөдөн жалаң жүк ташуучу унаалар өтөт. Бырыксып эле чаңдап турат. Эки маал суу себимиш этишет, ал эмне болмок эле? Жергиликтүү эл өрүк сатып тирилик өткөзөт. Чаңдын айынан анын да түшүмү жылдан-жылга начарлап баратат. Кызым мектепке барып келгиче, бозала чаң болуп калат. Президентке жолубузду эртерээк чечип берсе деп кайрылат элем.

Учурда жалпысынан 22 км. жолго асфальт төшөлбөй турат. Мындай маалыматты «Лонг Хай» компаниясынын менеджери Эшмурат Мамбеталиев билдирди. Мындан сырткары, өкмөт жол салып жаткан компанияга 160 млн. сомдун тегерегинде карыз. Ижарага техника бергендер эгерде мамлекет карызын бербесе, жумушка чыкпай турганын айтып жатышат.

— Бизге Балыкчы шаарынын тургундары күнүгө келишет. Мамлекеттен акча бөлүнбөй жатса, биз эмне кыла алмак элек?  Анын үстүнө Кыргызстан «Лонг Хай» компаниясынын техникаларын ижарага алганда, 160 млн сом карыз болуп калган. Эмгиче төлөнө элек.

Балыкчы-Корумду-Тамчы жолун жасап жаткан компанияга өкмөт  160 млн. сом эмес, 115 млн. сом гана карыз экенин Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкулов билдирди. Ошондой эле, учурда кытайлык компания менен сүйлөшүлүп, калган жолду бүтүрүү боюнча долбоорго кол коюу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

-Мамлекеттин казынасында каражат жок болгон үчүн Балыкчы-Корумду-Тамчы жолу токтоп турат. Учурда кытайлык компания менен калган жолдорду куруу боюнча долбоорлорго кол коюу багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ушул жуманын акырына чейин чечилиши керек.

Жол куруу боюнча серепчи Алмаз Калыевдин баамында, аталган жолдун курулуп бүтүшүнө мамлекет анчейин кызыкдар эмес. Жолду бүтүрүү 6 — 7 жылды талап кылбайт, болгону каражат маселеси тыкыр каралбай жаткандыктан бүтпөй жатат. Бөлүнгөн акча туура колдонулуп жатабы деген суроону так коюу керек.

— Кыргызстандын бюджетине каражат которуп жаткан Ысык-Көлдүн жолун мурун эле оңдоп бүтүрүп коюшмак. Эки жылда бүтө турган иш беш жылдан ашык убакытка созулуп жатат. Кайдыгерлик десек болот. Жай мезгили келе жатат, туристтерге шарт түзүшүбүз керекпи?..

Эскерте кетсек, Балыкчы-Корумду-Тамчы жолу 2015-жылы башталган. Учурда 73 км. жерге асфальт төшөлгөн. Эгерде Кытайлык компания менен кайрадан келишим түзүлсө, мамлекет тарабынан 3 млрд. сомдон ашык акча которулушу зарыл. Учурда Мамлекетте каражат жок болгондуктан,  болгону 500 млн. сом которулары айтылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM