Биз менен байланышыңыз

Бразилия: Рио-де-Жанейродогу селден он адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 682 | 0

Эки күн тынбай жааган жамгыр Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарынын көчөлөрүнө суу толтурду. Бул тууралуу Бразилиянын ЖМКларынын маалыматына таянып, Казакстандын «Хабар 24» маалымат агенттиги жазды.

Алынган маалыматтарга караганда, жамгырдын кесепетинен улам Рио-де-Жанейро шаарынын көчөлөрүн сел каптаган. Табигат кырсыгынан 10 адам каза таап, бир нече турак үй жабыркаган. Бел кырчоого чейин жеткен сел ташкыны унаа байланышын үзгүлтүккө учуратып, шаар бийлиги билим берүү мекемелерин убактылуу жабууга аргасыз болгон.

Учурда Куткаруу жана коопсуздук кызматтары селди токтотуу үчүн бардык күчүн жумшап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM