Биз менен байланышыңыз

«Президент парламентте биз билбеген маалыматты ачыкташы мүмкүн»

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 1121 | 0

11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда өзгөчө мыйзам долбоору жөнүндө пикирин айтышы ыктымал. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлүнүн баамында, Жээнбеков чыңалып кеткен саясий кырдаал, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айыптоолору боюнча Жогорку Кеңеш аркылуу карапайым калкка кайрылуу жасайт.

«Президенттин кайрылуусунда өлкө үчүн чоң билдирүү болушу мүмкүн. Ал Кыргызстанда күтүлүп жаткан саясаттагы алдын алуу кадамдары боюнча эскертүү иретинде кайрылуу жасайт деген ой болуп турат.  Жээнбеков биз билбеген маалыматты ачыкташы мүмкүн. Учурдагы саясий кырдаал тууралуу кызыкдар тараптарга, элге кайрылат. Мындан сырткары, Өмүрбек Бабановдун, Алмазбек Атамбаевдин айткандарына жооп катары, саясаттагы чыңалууну басаңдатуу аракетинин алкагында бир нерсени ачыктайын деп жатса керек», — дейт Момбеков.

Белгилей кетсек, Жээнбеков эртең, 11-апрелде Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM