Биз менен байланышыңыз

11-апрелде Айсалкын Осмонованын 60 жаш мааракеси өтөт

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 656 | 0

11-апрелде Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Улуттук «Эргүү», Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева атындагы сыйлыктардын лауреаты, белгилүү актриса Айсалкын Осмонованын 60 жаш мааракелик кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечеде Айсалкын Осмонованын 60 жылдык мааракесинин урматына Артур Митчелдин «Өмүр күзү» спектакли коюлмакчы.

Айсалкын Осмонова Сокулук районунун Түз айылында 1959- жылы туулган. Орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик академиялык театрынын алдындагы театралдык окуу жайын, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун, Александр Островский атындагы Ташкент театралдык искусство институтун аяктаган.

«Саманчынын жолу», «Дубал», «Ромео менен Жульетта», «Машырбек үйлөнөт», «Көздөн учкан Ата — Журт», «Барсбек» жана башка ушул өңдүү бир катар спектаклдерде көрүнүктүү ролдорду жаратуу менен бирге, Кыргыз-өзбек режиссерлору биргелешип тарткан «Делбирим» тасмасында Аселдин апасын, Мурат Мамбетовдун режиссерлугу астында тартылган Жеңишгүл Өзүбекованын «Чиркин өмүр» сериалында Сайкалды, «Чоочун киши” тасмасында Батманы ойногон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM