Биз менен байланышыңыз

Мыкты азанчыга Умрага жолдомо берилет

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 582 | 0

Кыргызстанда азанчылардын республикалык жарышы өтөт. Иш-чара 27-апрелде баш калаадагы «Имам Сарахси» атындагы борбордук мечитте өтөрү белгиленгенин муфтияттын маалымат кызматы билдирет.

Жарыштын баш байгесине Умра сапарына жолдомо каралган.

Бул күнү өлкө аймагынан тандалып алынган 27 азанчы ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшмөкчү. Азанчылардын республикалык мелдешине Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана дин аалымдары катышат.

«Азанчылар арасында өтүп жаткан мелдеш өлкөбүздө алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Республикалык тандоо турунда 3 жеңүүчү аныкталат. Биз буга чейин ар бир облустан үчтөн жеңүүчүнү таап, республикалык мелдешке жолдомо ыйгарганбыз», — дейт уюштуруу тобунун жетекчиси Арыпбек Айтбаев.

Азанчылардын республикалык мелдешинин жеңүүчүсүнө Умра сапарына жолдомо ыйгарылса, калган байгелүү орундарга баалуу белектер берилмекчи.

Эскерте кетсек, азанчылардын мелдеши Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана «Мухаммад Умар — Ош» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Мелдеш 2018-жылдын ноябрь айында башталып, 2019-жылдын 27-март күнү облустук тандоо туру өткөн. Бул сынакка жалпысынан 500 азанчы катышып, республикалык мелдешке 27 талапкер жолдомо алган.

Copyright © 2017 Maral FM