Биз менен байланышыңыз

КР Өкмөтү: Ташиевдин билдирүүсү негизсиз

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 537 | 0

Коомдук ишмер Камчыбек Ташиевдин Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды жөнгө салуу боюнча протоколдун мазмунунун жашырылышы тууралуу билдирүүсүн КР Өкмөтү негизсиз деп эсептейт.  Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара боюнча протоколго 18-мартта вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министрининин орун басары Азим Иброхим тарабынан кол коюлган. Анда эки өлкө кызыкчылыгы эске алынып, чектеш райондордогу ошол учурда токтоп турган транспорттук байланыштын калыбына келтирилиши, ошондой эле Баткен районундагы Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолдорунун курулушунун улантылышы камтылган.

1-апрелде премьер-министр жер-жердеги курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп, Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарына барып, тургундар менен жолугушуп, макулдашуулардын жыйынтыгы жана аларга көмөк көрсөтүү пландары тууралуу айтып берген.

Андан соң, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген Өкмөттүн мүчөлөрү тарабынан Жогорку Кеңештин жыйынында жана тийиштүү комитетте чек ара чатагын жөнгө салуу, ошондой эле чектеш райондордогу айылдарга колдоо көрсөтүү чаралары боюнча жыйынтык маалымат берилген.

Маселенин жагдайына жараша жана чыр-чатактын кайталануусуна жол бербөө максатында ал Жогорку Кеңештин жыйынында жабык режимде каралган, анын жүрүшүндө Өкмөт тараптан депутаттарды кызыктырган бардык суроолорго жооптор берилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM