Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» фракциясы коалицияга кирүүгө даяр

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 931 | 0

«Ата Мекен» фракциясы Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалицияга кирип, өкмөттүн жоопкерчилигин алууга даяр. Бул тууралуу фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Депутаттын айтымында, фракция кандай кадр тандап, кайсы тараптарга артыкчылык берүү, кантип иштөө керектигин талап кылат.

— Көпчүлүгү бизди сындашты эле билет деп айтышат. Бизди көпчүлүк коалицияга кошушса, жоопкерчиликти алууга даярбыз. Эгер кирбей калсак, оппозиция боюнча кала беребиз.

Кошумчалай кетсек, учурда Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары азчылык оппозицияда.

Copyright © 2017 Maral FM