Биз менен байланышыңыз

UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандары менен жолугушат

Кыска кабар , Спорт | 8 Апр 2019 | 655 | 0

Кыргызстанга келген UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн баш калаадагы «Бишкек-Парк» соода борборунда күйөрмандары менен жолугушат. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк «Кулатуу эр таймаш» улуттук күрөш федерациясынан билдиришти.

Алгач саат 14:30да «Жаннат» отелинде журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, андан соң саат 16:00дө «Бишкек-Парк» соода борборунда күйөрмандары менен жолугушат.

Мушкер айым ага чейин саат 12:30да Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров менен жолугушары пландалган.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, шаардык Кеңештин төрагасы менен болгон жолугушууга Валентина Шевченкону апасы Елена, Тайбокс федерациясынын, Бүткүл дүйнөлүк «Кулатуу эр таймаш» улуттук күрөшү федерациясынын башчылары коштоп келери айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM