Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бабанов да, Текебаев да оппозицияга кошулат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Апр 2019 | 1571 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин оппозицияга өтүшү жаман эмес. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, учурда бийликке карата реалдуу оппозиция калыптанууда. Биринчи жолу экс-президент бийликке каршы туруп жатат. Бул эң сонун көрүнүш.

«Саясатчылар сүйлөшүп, бир идеянын алдына биригип, көйгөйлөрдү чечели деп жатабыз. Эгерде Атамбаев оппозицияга кошулам десе, биз кууп чыкпайбыз. Ага каалоочулар кошула алат. Бабанов да, Текебаев да оппозицияга кошулат.  Күчтүү саясатчы катары Текебаевдин туруктуу көз карашы бар. Текебаевди  президент Сооронбай Жээнбеков түрмөдөн чыгарса да, анын ырын ырдабайт. Текебаевдин орду оппозицияда болот», — дейт Жээнбеков.

Анын айтымында, оппозиция президентке эмес, бийликке каршы болот. Мындан улам Атамбаев өлкө башчылыктан кеткен соң, ага оппозиция болуунун эч кандай натыйжасы жок. Себеби учурда Атамбаевдин колунан эч нерсе келбейт.

Жээнбеков мындан сырткары, оппозициянын күчтөнүшү бийликтеги адамдарды коркутарын айтып, оппозицияны жок кылууга ашыкпай, анын программалуу түрдө иштешине шарт түзүү зарыл экенин кошумчалады.

«Оппозиция күчтөнсө эле бийликтегилер «Элди козутуп жатасыңар», — дейт. Эмне Кыргызстанда оппозиция болуу белекпи?! Оппозициядагы саясатчылардын баары тобокел менен келе жатат. Бийлик оппозицияга эмнелерди гана кылбады? Коомчулук оппозицияга акча төлөп жаткансып, милдет кылганы таң калтырат», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM