Connect with us

Аймактарда 50гө жакын заманбап окуу борбору ачылат

Билим-маданият | 8 Апр 2019 | 1700 | 0

Өлкөдө жаңы заманбап окутуу борбору ачылды. Санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жылын утурлай «Бир аймак — бир заманбап окуу борбору» аталышындагы долбоор өз ишин баштаганы турат. Анда өлкөбүздүн алты облусундагы жаш лидерлерди тарбиялап, дүйнө элине кеңири тараган робототехниканы үйрөтүүчү багыттар жана англис тилин суудай сүйлөө курстары ачылуу алдында турат. Аталган долбоорго баш-аягы 8 млн. сом жумшалган.

«Бир аймак — бир заманбап окуу борбору» — аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында иштелип чыккан долбоор. Аталган долбоор Билим берүү жана илим министрлиги жана Экономика министрлиги менен Кыргызстандын Робототехника Федерациясынын өнөктөштүгү аркылуу ишке ашат. Бул долбоорду «Дордой» ассоциациясынын жетекчиси Аскар Салымбеков демилгелеп чыкты. Долбоордун негизги максаты: адамдын потенциалын бийик коюп, заманбап технологияларды жаштарга бат жана сапаттуу үйрөтүү.

— Дүйнө кандай гана ылдамдыкта өнүгүп жатат. Ал нерседен эмне үчүн биздин эл артта калышы керек? Ошол максатты көздөп, элди таң калтырып жаткан робототехниканы, IT технологияны өздөштүрүү багытында курстарды ачып жатабыз. Биздин балдар ал нерселерди үйрөнүш үчүн канчалаган убактысын, каражатын коротмок. Бирок, бүгүнкү күндө сөзсүз 6 жыл окуш керек деген түшүнүк жок да. Ушул маселени карап туруп, биз эрте, сапаттуу жана заманбап жаңы технологиянын негизинде билим алуу долбоорун иштеп чыктык. Бишкекке караганда аймактарда чет тили маселе жаратып келет. Аны да эске алып, англис тилин үйрөтүүчү курс ачтык. Ага атайын чет жерден мугалимдерди алып келдик. Бирок биздин эң биринчи максатыбыз: адамдык сапатты өнүктүрүү, өлкөгө билимдүү, күчтүү кадрларды даярдоо. Окуулар акысыз болот. Бардык жабдыктарды, керектүү каражаттарды алып, жайгаштырып койдук. Команда менен биргеликте бир-эки жуманын ичинде алты облуста тең ачылыштарды жасайбыз деп турабыз.     

Экс-президент Роза Отунбаева Кыргызстандын мектептери, жогорку окуу жайлары окуучуларга жана студенттерге туура багытта жеткиликтүү билим берилбей жатканын айтты. Анын пикиринде, өлкөдө сабатсыз жаштар тарбияланып, заманбап технологиядан аксап, келечекке анчейин деле кереги жок билим берилип жатат. Мындан улам жаңы ачылып жаткан долбоорду экс-президент колдоп, аталган иш өз максатына жетип, Кыргызстан келечегине билимдүү, заманбап жаштарды тарбияланып чыгышына тилектештигин билдирди.

— Кыргызстанды санариптештирүү эң актуалдуу жана маанилүү көйгөй жаратып келет. Кандай гана багытын алып карабайлы, кыйла артта калып жатабыз. Мисалы, Өзбекстан менен Казакстанды карап көрсөк, Робот федерациясы пайда болуп, ишин ийгиликтүү алып барып жатат. Аны Салымбековдун фонду тегеректегилерден калып калбайлы деп, бүгүн жакшы долбоорду ачып отурат. Заманбап техника менен сабактар өтүлүп, тил маселеси да каралат экен. Биз жаштарыбызды окуу жайларда окугула деп үндөйбүз, бирок керектүү, жеткиликтүү билим ала алышпай жатат. Ошондуктан коомчулук өнүгүүнүн кайсы агымына кетсе, биз дагы замандан артта калбай, ошол агым менен кетсек дейт элем.

Аскар Салымбековдун «Жаш лидерлер» окуу борбору беш жылдан бери ишин алып барып келет. Максаты: мамлекеттин жаш муундарын лидерликке үндөп, коомчулукту адилеттүүлүккө багыттоо. Аталган окуу борборун үч жыл мурун бүтүргөн Акмарал Нурланбекова учурда жаштарды ар кандай багыттагы долбоорлорду жазууга үйрөтүп келүүдө. Өзү психолог болгондуктан, адамдар менен бат тил табышып, жаш өспүрүмдөрдүн ар тараптан өнүгүүсүнө салымын кошуп келет.

— Биз атайын тренингдерди өтүү боюнча үч ай бекер сабак алганбыз. Алган билимибизди жаңы өсүп келе жаткан жаштарга үйрөтүп жатабыз. XXI кылымда бардыгы компьютердин жардамы менен болуп жаткандан кийин, ал багытты да үйрөнүшүбүз керек. Өзүм психологмун, жардамы жакшы эле тиет. Бирок 4-5 жыл билим алып отурбай эле ушул сыяктуу курстардан үйрөнүп алган жакшы го деп ойлойм.

Аймакты өнүктүрүүгө арналган жаңы долбоор Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык -Көл, Нарын облустарында ачылды. Анда облустун жаштары  IT технологияларды аз убакыттын ичинде өздөштүрө алышат. Аталган долбоорго жалпысынан 8 млн. сом жумшалды.

Copyright © 2017 Maral FM