Биз менен байланышыңыз

Президент: Апрель революциясынын максатын ишке ашыруу — ыйык парзыбыз

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 771 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрелдеги элдик революция күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Анда бул күндү «өлкөнү алдыга, жаркын келечекке, өнүгүүгө үндөгөн,элдин саясий эркин даңктаган күн», — деп сыпаттаган.

Кайрылууда бул окуя менен эл авторитардык бийликти, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну эч убакта кабыл албай турганын далилдегени да айтылат.

-7-апрель — өлкө тарыхындагы эң маанилүү күндөрдүн бири. Биз элибиздин эркиндиги, бакубат жашоосу, өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн шейит кеткен мекендештерибиздин каармандыгын эч качан унутпайбыз. Апрель элдик революциясы мыйзамдуулук, бийликтин толук ачыктыгы жана адилеттүүлүгү гана элдин ишенимин кайтарып, коомдун ынтымагын жана биримдигин камсыз кылаарын көрсөттү. Апрель революциясынын идеяларын, максатын турмушка ашыруу — биздин ыйык парзыбыз.

Мамлекет башчы Кыргызстан демократиялык багытынан тайбай турганын да белгиледи.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Апрель окуясына 9 жыл болду.

Copyright © 2017 Maral FM