Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Апрель окуясына 9 жыл

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 795 | 0

Бүгүн, 7-апрелде, Апрель ынкылабына 9 жыл болду. 2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыгып, митингге чыгышкан.

Анда элге ок чыгарылып, 80ден ашык киши набыт болгон. Ал эми 100дөн ашууну жаран жаракат алган. Ошондон кийин Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып кеткен. Андан соң, өлкөдө Убактылуу өкмөт түзүлүп, стабилдүүлүк орнотула баштаган.

Кошумчалай кетсек, 7-апрель Кыргызстанда майрам катары кабыл алынган жана эс алуу күн катары жарыяланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM