Биз менен байланышыңыз

Казакстан унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады

Кыска кабар | 6 Апр 2019 | 893 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнгө салынууда.

Өкмөтүн маалымат кызматы кабарлагандай, Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган соң, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.

Макулдашуулардын негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына барышкан. Эки өлкөнүн тийиштүү органдары да үзгүлтүксүз байланышта болушуп, маселени тезинен чечүүгө аракет кылышкан.

Нур-Султан шаарында бардык жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өткөн.

Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып, калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимге өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM