Биз менен байланышыңыз

Бензинди бензонол дейм деп, «капканга» түштү

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 613 | 0

«Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунан 100 тонна күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

4-5-апрель аралыгында «Чоң-Капка-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган эки окуя катталган. Текшерүү убагында, документтеринде бензонол деп көрсөтүлгөнү менен, ал күйүүчү май 100 тонна бензин болуп чыккан.

Так эмес документтери менен чек арадан жүк алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары жүктөрү менен кошо, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүмүнө андан ары териштирүү үчүн өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM