Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Казакстан манипуляция кылып жатат

Коом | 5 Апр 2019 | 1010 | 0

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде турган жүк ташуучу автоунаалардын саны азая элек.

Өкмөт чек арадагы маселени чечүүнүн үстүндө иш алып барып жатат. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында айтты. Анда ал Казакстандын жаңы өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу 3 жолу сүйлөшкөнүн маалымдады. Аны менен катар, ЕАЭБдин комиссиясынын төрагасы менен да байланышканын белгилеп, чечүү үчүн керектүү чаралар көрүлөрүн жар салды.

— Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын токтоп турганы боюнча Казакстанга жаңыдан өкмөт башчы болуп шайланган Аскар Мамин менен телефон аркылуу 3 жолу сүйлөштүм. Биздин позициябыз: Евразия Экономикалык Биримдигине кирген келишимдер сакталышы керек. Болбосо, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн келишимдеги талаптардын так аткарылуусун өнөктөштөрүбүздөн да талап кылабыз. Айрымдар: «Өкмөттүн үнү чыкпай жатат», — деп айтып жатышат. Унчукпай чечилчү кээ бир экономикалык маселелер да бар экенин эске алганыбыз оң. 

Ал эми, Казакстандын бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин мыйзамдарын сактап жатканын айтып, Кыргызстандан учурда товар ташууда эрежелерди сактоону талап кыларын билдирди. Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов бул тууралуу 5-апрелдеги басма сөз жыйынында айтты.

 Кыйыр салык алуу маселеси анык, так чечилбей келүүдө. Экинчи жагдай, товар алып өткөн транспорттук документтерге байланыштуу. Ал жерде бир товар көрсөтүлөт, аныгында башка товар болуп чыгат. Айрым учурларда, саны, баасы, көлөмү азайтылып көрсөтүлүүдө, ошол эле учурда, «Транзит аркылуу Орусияга өтөт», — делинген айрым товарлар Казакстандын базарында калып жатат.

Эл өкүлү Руслан Казакбаев ЕврАзЭСке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда соода-сатык эркин түрдө жүрүүсү керектигин, бирок казак бийлиги келишимди толук аткарбай жатканын жана далилденбеген күнөөлөрдү коюп жатканын айтат.

— Контрабанда товарлары өтүп жаткандыгы боюнча күнөөлөрдү коюп жатпайбы бизге. Ошол койгон күнөөнү далилдеп бере алуу да керек. Бул боюнча, казак тарап менен сүйлөшүү зарыл. Айта кетчү жагдай, баарыбыз ЕврАзЭСтин мүчөсү болгондон кийин, келишимдерди аткаруу эки тарапка бирдей болушу шарт. Келишимде: «Тышкы бажы көзөмөл болот, ал эми ички товар алмашуу жана соода-сатык эркин түрдө жүрөт», — деп так айтылган. Тилекке каршы, боордош Казакстан келишимде көрсөтүлбөгөн чараларды көрүп жатат. Ошондуктан, Кыргызстан да тиешелүү чараларды көрүүсү керек.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин маалыматына ылайык, кырыз-казак чек арасында айыл чарба жана тез бузулуучу өндүрүм биринчи кезекте, тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө.

— Кыргызстандан барган айыл чарба өндүрүмдөрү тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө. Бардык өткөрүү пункттарында атайын топторубуз бар. Алар тез бузулган өндүрүмдөрдү жүктөгөн унаанын документтерине жана башкаларына жардам көрсөтүүдө.

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча дипломат Аскар Бешимовдун пикири төмөндөгүчө:

— 2017-жылы чек ара катуу жабылганы баарыбызга белгилүү. Азыркы болуп жаткан окуя ошол эле көрүнүштүн уландысы. Бул Казакстан тараптан бизге карата кандайдыр бир кемсинтүү болуп жаткандыгын билдирет. Андыктан, алар менен эки тараптуу сүйлөшүүгө барууну токтотуу керек. Менин жеке оюм, бул маселени коркпой-үркпөй Евразиялык экономикалык биримдиктин талкуусуна коюу зарыл.

Кошумчалай кетсек, «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаа тыгыны узарууда. Буга 19-марттан тарта казак тараптан транспортторду текшерүү көп убакытты алганы себеп болууда.

Copyright © 2017 Maral FM