Биз менен байланышыңыз

Асиметов: Лев Толстой көчөсү М. Ауэзовго чейин узартылат

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2019 | 793 | 0

Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдар Асиметов «Марал» радиосуна берген маегинде Лев Толстой көчөсү М. Ауэзов көчөсүнө чейин узартыларын билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин жолдору эки долбоордун негизинде калыбына келтирилүүдө. 2015-жылы Кытай 1 млрд. юань грант берүү боюнча келишимге кол койгон. Ал каражат 3 фазага бөлүнгөн.

Долбоордун II фазасында 60 көчө каралат. Учурда документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Анда жаңы конуштардан бирден-экиден көчө да каралган.

«Долбоордун II фазасында Т. Жукеев-Пудовкин, Лев Толстой жана Жайыл баатыр көчөлөрү каралган. Учурда алдын ала долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Лев Толстой көчөсү Ауэзов көчөсүнө чейин узартылат. Ак-Ордо конушунда Айбийке, Ашар көчөлөрү 2019-2020 жылдары бүтөт», — дейт Асиметов.

Маалыматка ылайык, долбоордун I фазасында 49 көчөдө оңдоо иштери жүрүп, 96 чакырымдык жол калыбына келтирилген. Бирок 3 көчө бүтпөй калган.

Учурда Лев Толстой көчөсүнүн Шабдан баатыр менен Чолпон-Ата көчөлөрүнүн ортосундагы аралыкта оңдоо  иштери жүрүп жатат. Айтматов көчөсүнүн Фрунзе менен Салиев көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгүндө да оңдоо иштери башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM