Биз менен байланышыңыз

1 чакырым жолду оңдоого 16 млн. сом кетет

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2019 | 687 | 0

Быйыл Бишкекте капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтө турган жолдордун титулдук тизмеси жок болгондуктан, каражат бөлүнө элек. Бул тууралуу «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын өндүрүш бөлүмүнүн башчысы Жумакадыр Алымбев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда мекеме өткөн жылы бекиген титулдук тизме менен иштеп жатат.

1 чакырым жолду капиталдык оңдоп-түзөөгө 16 млн. сомдун тегерегиндеги каражат сарпталат. Анда жолго эки кат асфальт төшөлөт. Мындан сырткары, тротуар, ирригация маселелери да каралат.

Ал эми 1 км жолго шагыл төшөө үчүн 1-2 млн. сомдой акча керектелет.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасына 130 млн. сом бөлүндү. Анын эсебинен Жибек-Жолу көчөсүн Батыш автобекеттен Фучик көчөсүнө чейин оңдоп жатабыз. Мындан сырткары, Түштүк паркка 30 млн сом, Опера жана балет театрынына 3,6 млн. сом каралган», — дейт Алымбаев.

Copyright © 2017 Maral FM