ЖАЗ күндөрүӊүз менен! Мезгилдин жазы өкүм сүргөн күндөрдө жан дүйнөгө жаз келдиби? Жараткан мезгилди айрып-тааный албас өмүрдөн сактасын.
Карсыз кыштан кийинки жаздын жамгырын сагынган күндөрдө, мезгил өзүнүн багалек-жеңин түрүнүп, жылаңбаш мекендин адыр- тоо, аңыз-белин кезип жүрөт. Жазды ким кандай күтөт? Мен соӊку жылдарда ар бир мезгилдин сулуулугун көрүүнү самайм. Кайгы-капа, тытынган иш, бүтпөгөн түйшүк сизге жазды сездирбейт. Жазды сезип жатсаӊыз; короодогу гүлдүн гүлдөгөнүнө, бактын бүчүр ачканына абай салсаӊыз; сиз адамча жашап жатасыз, демек. Жашоо майда, бирок маанилүү эрежелерден турат. Ошол эреженин бири — табият менен бир ойгонуу. Табият менен таттуу мамиледе болуу. Адам табиятына каршы бой таштабоо. Адамзаттын табият менен байланышы үзүлүп, табиятты сезбей каршы боло баштаганда, табият сага каршы чыгат. Жаз — тынчтыкты сүйөт; гүл — тынчтыкты сүйөт; балдар — тынчтыкты сүйөт…
Негизинде булар өтө мыкты сөздөр. Бирок ким, кайсыл жерден, кандай максатта колдонуп атат? Кеп ошондо.
27 жашыма чейин мен анчалык маани бербеген жана маани берсем да баасын, баркын түшүнбөгөн «Тынчтыктын баасы» деген сөздү көп эстейм. Бир жолу Ата Мекендик согуш жөнүндө Эл акыны Сүйүнбай Эралиев менен маек куруп калдым. Согуш менен тынчтык жөнүндө узак сүйлөдү… «Айланайын балдарым, тынчтыктан Кудай айырбасын; бешикте бала чочубасын; желеде кулун үркпөсүн…»,- деген таризде батасын берди аягында. Кызыгы мен ошондо ал киши саймедиреп аткан «тынчтыктын баасына» түшүнбөгөн экенмин.
А бирок мен «Тынчтыктын баасына» кийин түшүндүм. Ал күн 2010- жылдын 7- апрели болчу. Демейкидей, журналисттик ишим менен алек элем. Адатта, оперативдүүлүк жагынан алдына киши салбаган «Азаттыкчылар» улам бир тири укмуштуудай сүрөттөрдү: өлгөн кыргыздарды, атылган адамдарды, чачылган шаарды, шаштысы кеткен элди тартып келип жатышты.
Борбор калаа кызыл-жаян кан, боздогон үн, буулуккан букка толуп кала берди. Кудум согуш күндөрү сыяктанган шаар жашоосунун ошол кездеги каарманы катары милиция агалардын баркын түшүндүк. МАИчи көрүнө калса сүйүнөсүң. Ээн калган шаар… Ээнбаштык өкүм сүргөн күндөр. Ал арада ТАРТИП, ТЫНЧТЫК бул эки жөнөкөй сөздүн адам баласынын жашоосундагы орду опол тоодой экенин мага окшогондордун көбү түшүндү. Элеттик аксакал айтчу тынчтык, Эл акыны Эралиев айткан тынчтык менин көз алдыман чубап өтүп турду. Ошол үчүн мен тынчтыктын баркын жаз келгенде дайым эстегенге аргасызмын.
Бир досум көп айткан анекдотту кыстарайын…
Бир карыя эл арасында сүйлөп жатып улам эле, «Дүйнөдө тынчтык болсун! Дүйнөдө тынчтык болсун!» — дей берет экен. Анда жанында олтурган кемпири этегинен тартып, «Айланайын абышка, дүйнөдөгү тынчтыкты коюп, үйдөгү эле тынчтыкты айтчы»,- деп абышкасын жекирген экен.
Анын сыңары, жаз келатат десе эле, «Дагы эмне болуп кетет?» — деп коркосуң. Чынында эле, Тынчтыктын баасына байланышы бар тарыхый окуялар, жаз менен кошо башталган башаламандыктар билгенге «Сынган кылычтагы» Шералинин маңдайына илинген чокою сыяктуу эле. Дүйнөнү коюп, өз өлкөбүздөгү тынчтыкты эле айткыбыз келгени да ошондон.
Жазгүл Жамангулова