Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Майыптыкты белгилөөдө критерийлерди жана мөөнөттөрдү карап чыгуу зарыл

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 603 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бүгүн, 4-апрелдеги жыйында Жаранды ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндөгү жобону кайра карап чыгуу боюнча ведомство аралык жумушчу топту түзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү комиссиясынын ишмердүүлүгүнө айтылган сын-пикирди эске алып, майыптыкты белгилөөдө критерийлерди жана мөөнөттөрдү карап чыгуу зарыл», — деди Улукбек Кочкоров.

Анын айтымында, ведомство аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, биринчи кезекте жарандык сектордун, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелери боюнча иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана министрликтин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү кириши керек.

Министрлик, учурда ведомство аралык жумушчу топту түзүү боюнча буйрук даярдалып жаткандыгын белгиледи.

Аталган топко ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган 35 уюмду бириктирген «Жаңырык» тармагы, анын ичинен: «Колдон-колго», «»Диабети жок балалык», Аутизм, Даун синдромуна чалдыккан балдар менен иш алып барган уюмдар жана башкалар кирет.

Эске салсак,  Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламенттик отурумда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүү комиссиясынын ишмердүүлүгүн текшерүүнү сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM