Биз менен байланышыңыз

Кадыралиева депутаттардын съездге келбеген себебин айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2019 | 678 | 0

Ак үй элдин ою менен эсептеше баштады. Ошол себептен улам КСДП фракциясынын депутаттары 3-апрелдеги съездге келген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылыштын депутаты Ыргал Кадыралиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, съезддин өтүү процесси туура, бирок саясий, моралдык жагы башка маселе.

Кадыралиева КСДП фракциясынын курултайына чейин башка пикирде болсо, съездден соң, ою өзгөргөнүн белгилейт.

«Съездде 300гө жакын адамдын оюн уктум. Сөз лидердин эл менен байланышып жатканында. Элдин абалын көргөн соң, КСДПнын келечегине дагы бир жолу ишендим. Учурда саясий абал курч. Саясатчылардын ортосунда партия талашы болуп турат. Мен Кыргызстандын, КСДПнын келечегине кайдыгер карай албайм. Анткени, түштүк тарапта аталган партиянын абалы оор болуп турганда биз иштеп, партияны көтөрдүк. Ал кезде чоң атаандаштык бар болчу», — дейт Кадыралиева.

Анын билдиришинче, 3-апрелдеги съездге мурда партиянын атынан депутат болгондор, мүчөлөр, добуш берүүнүн айкындуулугун караган адамдар, юристтер чакырылган.

Кадыралиева буга кошумча, КСДПнын жаңы шайланган лидери Сагынбек Абдрахманов кандай эреже менен партиядан чыгарылганы тууралуу маалыматы  жок экенин, Абдрахманов активдүү мүчө болгонун айтып өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM