Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев шайлоого катышса, жеңиши мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Апр 2019 | 1023 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев коллективдүү чечим кабыл алып, шайлоого барса, келечеги жакшы болот. Бул тууралуу саясатчы Ишенбай Кадырбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев салмактап, үгүттөргө көңүл бурбай, каяша айткандарга жооп бербей парламенттик шайлоого барып калса, жеңишке жетиши мүмкүн. Анткени, анын аброю бар.

«Көп нерселер Атамбаевдин өжөрлүгү менен жасалды. Аларды унутуп калбоо зарыл«, — дейт Кадырбеков.

Белгилей кетсек, КСДПнын 3-апрелдеги XVIII съездинде Сагынбек Абдрахманов партиянын төрагасы болуп шайланган. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтө турчу КСДПнын съезди 6-апрелге белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM