Биз менен байланышыңыз

Шашылыш эскертүү: 7-8-апрель күндөрү үшүк жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 498 | 0

Өлкөнүн тоолуу райондорунда 7-8-апрель күндөрү үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай шашылыш эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-6-апрелде нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен өлкөнүн Чүй жана Талас облустарында кыян жүрүшү мүмкүн. Ал эми Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында дарыялар нугунан чыгып, суунун деңгээли көтөрүлөрү болжолдонгон. Мындан улам министрлик арыктарды жана каналдарды тазалоону эскертет.

Дыйканчылык аймактарда Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында сууктун күчү 3 градуска чейин жетип, үшүк жүрүшү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM