Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун КСДПсыз сапары кандай уланат?

Саясат | 3 Апр 2019 | 891 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан кеткенин расмий түрдө жарыялады. Анда ал партия лидердин гана кызыкчылыгын коргобой, элдин пайдасын да көздөөсү керектигин эскертти. Партиянын эл арасына жайылуусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымдарын бир четтен санап өттү. Буга чейин башка партияга кошулбаганын, КСДПдан чыгуу оюнда да болбой келгенин айтып, саясий жагдайга байланыштуу кетүү чечимин кабыл алганын түшүндүрдү.

КСДП ички интригалардын айынан өз милдетин так аткара албай калды. Ушул интригаларга мени да аралаштыруу аракети көрүлүүдө. Бирок, мен ага аралашпайм. КСДПнын кризиске кептелгенине башкаларды күнөөлөгөнгө өттү. Бул туура эмес. Кайсы партия болбосун, анын жакшысына да, жаманына да лидер өзү жоопкер. Мен өмүр бою КСДПда мүчө болуп жүрөм деп ойлогом. Ага чейин бир да партияга мүчө болгон эмесмин. Өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган адам катары КСДП партиясынан кетүүнү чечкенимди жарыялайм.

Жогорку Кеңеш 3-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн маалыматын угууну эки жума мурун эле пландашкан. Буга карабай, Асылбек Жээнбековдун өз чечимин трибунадан айтып жатканы депутат Ирина Карамушкинага жаккан жок.

Чек арадагы коопсуздук маселеси көтөрүлүп жатканда, трибунага чыгып, партиядан кеткенин жарыялап жатат. КСДПнын лидери бийликти узурпациялап жаткан учурда анын жанында болгонсуңар, чогуу иштеп, кол алышып, жадагалса кучакташып жүргөнсүңөр. Ошол кезде аны сындап, кемчилигин бетине айта алган эмессиңер. Азыр «Атамбаевсиз КСДП» деген съезд өтүп жатат. Коштошуу сөзүн ошол жактан айтсаңыз болмок.

Асылбек Жээнбеков партиядан кеткени менен Жогорку Кеңеште калып, фракциядагы ишмердүүлүгүн уланта берерин айтты. Анын мындай чечими мыйзамга каршы келбейт. Анткени партиянын катарынан чыккан учурда депутаттык мандатты тапшыруу боюнча эч кандай талап жок. Парламенттеги депутаттардын ичинен партияга мүчө эместери да бар. Бул тууралуу юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиз түшүндүрүп берди.

— Партиядан кеткен учурда депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча мыйзам жок. Жогорку Кеңештеги депутаттардын көбү партиянын мүчөсү катары эсептелбейт. Алсак, Исхак Масалиев Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери болуп эсептелет. Бирок ал «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан шайланган.

КСДП экиге бөлүнүп, кризистик абалда турганда, Асылбек Жээнбековдун партиядан кеткени туура чечим болду. Мындай баасын саясат талдоочу Алмаз Акматалиев берди. КСДП азыр шарттуу түрдө Атамбаевдики, анан Абдрахмановдуку болуп, экиге бөлүнүп калды. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыгуу ыктымалдуулугу азайганын болжоду. Ошол себептен Асылбек Жээнбеков эки тарапка тең тийиштиги болбогон жолду тандап туура кылды деп эсептейт. Анын баамында, Жээнбеков партиядан кеткени менен Жогорку Кеңештеги таасирин сактап калды.

— Асылбек Жээнбековдун фракция ичиндеги жана башка фракцияларга болгон таасири күчүндө кала берет. Ал эми шарттуу түрдө Атамбаевдин да, Абдрахмановдун да партиясы парламентте жок деп эсептесек болот. Азыркы социал-демократ депутаттардын баары бир партияда калбай, башка-башка топко бөлүнүп кетишет. Жээнбеков ошон үчүн партиядан чыгып кетип туура кылды.

Асылбек Жээнбековдун КСДП партиясы үчүн кошкон салымы зор. Ошол себептен Алмазбек Атамбаев анын эмгегин четке какканы туура эмес. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев парламенттик шайлоодо Асылбек Жээнбеков Оштон 87 миң добуш алып бергенин эске салды. Мындан улам анын партиядан кетиши КСДП үчүн кыйын кырдаал жаратарын белгиледи.

— Жээнбековдун кетиши партия үчүн да бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Анткени, шайлоодогу электораттын көбү өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан. Ал жактагы колдоочулар жыш жана топтолуп турат десек болот. Түндүк аймагында уруу-уруу болуп жана башка кызыкчылыктар менен бөлүнүү көп болот. Тагыраагы, түндүктө добушка ээ болуу кыйын.

Кошумчалай кетсек, Асылбек Жээнбеков Кыргызстан социал-демократтар партиясынын атынан IV, V жана VI чакырылышта депутат болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM