Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан -Өзбекстан: Суу сактагычтарды туруктуу пайдалануу боюнча макулдашылды

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 634 | 0

Бүгүн, 3-апрелде Бишкекте Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун  басары Жаныбек Керималиев жана Өзбекстандын Айыл чарба министринин орун басары Равшан Мамутов жолугушуп, Кочкор районундагы Орто-Токой жана Ала-Бука районундагы Касан-Сай суу сактагычтарын туруктуу пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы макулдашкан долбоордун жобосун карап чыгышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап каржылоо механизмдерин талкуулап, ошондой эле Орто-Токой, Касан-Сай суу сактагычтын пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын биринчи жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

Copyright © 2017 Maral FM