27-мартта Бишкекте өткөн ректорлордун форумунда М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий университеттин филиалын Кыргызстанга ачуу үчүн алты жолу макулдугун бергенин билдирген. МГУнун ректорунун билдирүүсү элдин талкуусуна түштү.
Көп өтпөй эле Орусиядагы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы Кыргызстанда ачыларын жана бул маселе өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүнө алынганын, Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 1-апрелде өткөн маалымат жыйында билдирди.
— Орусия Президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ЖОЖ ректорлорунун биринчи форуму болуп өттү. Форумдун жыйынтыгында 70 документке кол коюлду. Анын ичинде, МГУнун филиалын ачуу боюнча сүйлөшүү да бар. Өлкө башчысы бул маселени өз көзөмөлүнө алды.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Сыдыковдун маалыматына ылайык, МГУнун филиалын ачуу аракеттери 2004-жылы башталган. Бирок каржылоо маселеси чечилбей токтоп калган.
— МГУнун филиалын ачуу боюнча 2004-жылы атайын тапшырманын негизинде даярдыктар жүргөн. Бирок, эң негизгиси материалдык маселелер, имарат алуу, андан сырткары, бюджети тууралуу сөз болуп, келип кеткен окутуучуларды каржылоо милдетин кыргыз тарап алышы керек болгон. 2005-жылы маселелер чечилип, март айында келишимге кол коёрго аз калганда, биздеги саясий өзгөрүүлөрдүн айынан, андан ары уланбай токтоп калган.
М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети дүйнөдөгү мыкты делген 100 жогорку окуу жайдын катарында. «Лингвистика», «Математика», «Физика», «Астрономия» жана «Табигый илимдер» боюнча алдыңкы орунду ээлейт. Мурдагы Билим берүү министри Ишенгүл Болжурованын айтымында, МГУнун диплому чет өлкөдө да жогору бааланат.
— Москва мамлекеттик университети дүйнөдөгү эң алдыңкы 100 жогорку окуу жайдын катарына кирет. Анын дипломун «Классикалык диплом» деп коюшат. МГУнун бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөлөрдө да суроо-талап күч. Ал тургай, чет өлкөдө МГУнун дипломун ратификациялабай туруп, жумушка алгандар бар. Ошондуктан, бул маселени саясатташтырбоого чакырат элем. МГУда 150гө жакын өлкөдөн келген студент билим алат. Кыргызстанда филиалы ачылса, жаман болбойт эле.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пикиринде, Орусиянын окутуучулары МГУнун программасы менен сабак бере турган болсо, Кыргызстанга пайдасы өтө зор болору анык.
— Москвада билим сапаты жогору экенин билебиз. МГУнун зор ийгиликтерди багындырган бүтүрүүчүлөрү көп. Эгер аталган окуу жайдын окутуучулары бизге келип, өзүнүн програмасы менен сабак бере турган болсо, өлкөгө өтө зор пайда берет деп ойлойм.
Университеттин филиалын ачуу Кыргызстандын ЖОЖдордогу билим сапатын жакшыртууга кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизет. Мындай оюн Физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев билдирди. Ал ошондой эле, Кыргызстанга чындап керек болгон гана бөлүмдөрүн ачуу керектигин кошумчалады.
-Дүйнөлүк аты, бренди бар МГУнун ректору филиал ачууга кызыгып жатса, президентибиз жеке көзөмөлүнө алгандыгын билдирсе, муну чоң олжо катары кабыл алышыбыз керек. Менимче, бардык бөлүмдөрүн ачуу да туура эмес. Биринчи кезекте техникалык илимдер багытындагы, табигый жана так илимдер багытындагы бөлүмдөрүн ачкан туура болот. Ошондо материалдык-техникалык базанын чыңдалуусуна жол ачылмак. Анан тез акча жасоонун жолун издеген ректорлорду туурап, модага айланган юридика, экономика сыяктуу бөлүмдөрүн ачам десе, анда зарылчылыгы, пайдасы деле жок.
Кошумчалай кетсек, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалдары бүгүнкү күндө Казакстан, Азербайжан, Армения, Словения, Өзбекстан жана Тажикстанда ачылган.