Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда аутизмге кабылгандардын саны өсүүдө

Коом | 2 Апр 2019 | 1292 | 0

 2-апрель — Бүткүл дүйнөлүк аутизм күнү. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күнгө карата атайын иш-чаралар уюштурула баштады. Анткени, Кыргызстанда аутизм дарты тууралуу түшүнүк кеңири жайылбагандыктан, аутисттердин коомго аралашуусу көйгөй болуп келет. Азыркы тапта биздин өлкөдө аутисттерге кандай көңүл бөлүнөт? Бул туурасындагы атайын материалга көңүлүңүздөрдү бурабыз. 

Анара Даниярованын 9 жаштагы уулу аутизм дарты менен ооруйт. Ал уулун күндүр-түндүр көзөмөлдөөгө аргасыз. Себеби аутизм менен жабыркаган балдардын өз алдынча жүрүүсү өтө кыйын. Айрыкча, биздин коомдо аутисттерге туура мамиле жасаганды билишпейт, — дейт Анара Даниярова. Мындан улам ал атайын «Аутизмди жеңебиз!» фондун ачкан.

— Аутизм менен ооруган 9 жашар уулум бар. Ушул уулума болгон коомчулуктун ар кандай мамилесин көрүп, багуу түйшүгүн башымдан өткөрүп жүрүп, мен өңдүү ата-энелердин үнүн коомчулукка жеткирүү, моралдык колдоо көрсөтүү максатында атайын фонд ачкам. Балдары аутизм дартына чалдыккан ата-энелерге кайрылат элем: эч качан балдарыңыздарды бала бакчага же мектепке бергенге шашпагыла. Биз аларды алгач коомго аралаштырууга даярдашыбыз керек. Мисалы, мен баламдын билим алуусун алгачкы максат катары карабайм. Башкы кыялым: баламды коомчулук жакшы кабыл алып, келечекте татыктуу ордун табуусу, жакшы бүлө күтүүсү. 

Көпчүлүк ата-эне баласынын аутизмге кабылганын билбей калат, же маани бербей жүрө беришип, дартын күчөтүп жибериши мүмкүн. Кыргызстандыктарга аутизм тууралуу туура түшүнүктү жайылтуу үчүн мындан 5-6 жыл мурун «Колдон колго» аттуу уюм түзүлгөн. Аталган уюмдун жетекчиси Жылдыз Садыкова аутист балдарды бала бакчалар, мектептер кабыл албай, алса да, балдардын катарынан бөлүп сала бергенинен улам, ушул уюмду түзүүгө аргасыз болгон. Учурда дал ушул уюмдун жардамы менен аутизмден жабыр тарткан балдар менчик  бала бакча, мектептерге кабыл алына баштады.

— Мындан 6 жылча мурдараак балдарыбызды бир да билим берүү мекемеси кабыл алчу эмес. Акырындык менен балдарыбыздын окууга болгон жөндөмүн далилдегенден кийин, менчик бала бакча, мектептер кабыл ала баштады. Биз бул суроону чечкенден кийин, «Эмне үчүн мамлекеттик бала бакча, мектептер балдарыбызды кабыл алышпайт?» — деген экинчи көйгөйдү көтөрдүк. Тиешелүү тараптар: «Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде аутист балдар үчүн атайын окутуу программасы жок», — деген жооп узатып жатышат. 

Аутизмге кабылган балдардын билим алуусунда тоскоолдуктар көп жаралат. Алсак азыркы бала бакча, мектептердин шарттары «өзгөчө» балдарга ылайык келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин педиатрия адиси, балдар неврологу Нурмухаммед Бабажановдун пикиринде, мектептерде бир класста 30дан, 50дөн бала окуйт. Мугалимдердин аутист балдар түгүл, башкасы менен иштөөгө убактысы жетпейт.

-Биз эки жылдан бери атайын программа иштеп чыгып жатабыз. Бирок бир көйгөй жаралууда. Ал педиатрлардын аздыгы. 2000-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан педиатрлардын көбү жоюлуп, үй-бүлөлүк дарыгерге өтүп кеткен. Алар үй-бүлөнү, мисалы, 50-60 жашка чыкканга чейин карайт. Мындай болушу мүмкүн эмес да.

Ал эми мамлекет тарабынан аутизмден жабыр тарткан балдарга кандай жардамдар көрсөтүлүп жатат? Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Майыптыгы бар балдарга социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чолпон Мамбетаипова эч качан балдарды да, чоңдорду да бөлүп караган эмеспиз деди. Бул багытта жаңы бөлүмдөр ачылып жатканын да кошумчалады.

— Биздин министрлик балдарды да, чоңдорду да эч кандай категорияга бөлбөй иштейбиз. Жадагалса, суроо да козгобойбуз. Биз ар дайым физикалык-моралдык жактан жапа чеккен балдардын маселесин козгоп келгенибиз менен, а бирок аларды баккан ата-энелерди унутуп койгондойбуз. Мен ата-энелерине да көңүл бурулушу керек деп эсептейм.

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин укуктук камсыздоо, лицензиялык көзөмөл жана уюштуруу иштеринин бөлүм башчысы Кыял  Кенжематованын айтуусунда, жергиликтүү ММКлардын жардамы менен айылдарга, аймактарга аутизм тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Себеби, аутизм борборлору Бишкекте гана болгондуктан, айылдар, аймактар көп учурда маалыматтан артта калып калышат.

— Аутизм борборлору Бишкекте гана жайгашкандыктан, аймактар көп учурда көз жаздымда калып келүүдө. Ошон үчүн биз аларга жергиликтүү ММКлар аркылуу билдирүүлөрдү таратып турабыз. Мунун натыйжасында, аутист балдары бар ата-энелер кеп-кеңеш угуп, бул туурасында каякка кайрылса болот, кимдер жардам бере алат деген сыяктуу маалымат алып жатышат. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда аутизм менен жабыркаган 20 миңден ашуун бала бар. Алар дартынын айынан билим берүү жаатында бир катар көйгөйлөргө туш болуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM