Биз менен байланышыңыз

«Миграциялык аминистиядан» 22-апрелге чейин пайдаланууга болот

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 615 | 0

Орусиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн Кыргызстандын жарандары Орусиянын  аймагынан чыкпастан, 22-апрелге чейин миграциялык картасын мыйзамдаштырып алууга укуктуу. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова кабарлады.

Миграциялык картаны мыйзамдаштыруу үчүн жарандар белгиленген мөөнөттө Орусиянын ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө барып, каттоого туруу менен жаңы миграциялык карта ала алат.

Кошумчалай кетсек, жарандар бүгүн, 2-апрелден баштап, http://ssm.gov.kg/миграционная-амнистия-для-граждан-кы/ шилтемеси аркылуу амнистияга туура келип, келбегендигин  текшерип алууга болот. Эки тараптын тактоосу боюнча 130 миңден ашуун жарандын тизмеси бар.

Кыргызстандын жарандары жогоруда белгиленген учурга чейин миграциялык аминистиядан пайдаланууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM