Биз менен байланышыңыз

Оштогу аэропорттун учуу-конуу тилкеси узартылды

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 443 | 0

Оштогу эл аралык аэропортту реконструкциялоо иштери аяктап, учуу-конуу иштери штаттык режимде жүргүзүлө баштады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан маалымдашты.

Аба майданды оңдоп-түздөөнүн 3-этабы аягына чыгып, учуу-конуу тилкеси 400 метрге узартылган. Учурда анын жалпы узундугу 3212 метрди түзөт.

Эми «Ош» аэропорту Boeing 767-300, Boeing 737-800, Airbus A-320 учактарын эч кандай тоскоолдуксуз кабыл ала алат. Буга чейин жогоруда аталган түрдөгү учактардын конуусуна ыңгайсыздык жаралып келген.

Copyright © 2017 Maral FM